Таласта сууга чөгүп кеткен он жашар кыздын денеси табылды

11:01, 31 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Таласта сууга чөгүп кеткен он жашар кыздын денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Эскерте кетсек, 10 жашар кыз 29-майда түнкү 22.00 чамаларында Таластын Миң-Булак айылындагы Талас суусуна түшүп, агып кеткен. Аны издөө иштерине 12 куткаруучу катышкан.