18:39
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргызстандыктар биометриялык паспорт алуудан баш тартууда

Кыргызстандыктар биометриялык паспорт алуудан баш тартууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

Депутаттын пикиринде, жарандар паспорттун жаңы үлгүсүндө улутун белгилеген графа жоктугунан албай жатышат.

Отурумда Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү улутун алып салуу жөнүндө демилге коомдук талкуудан өткөндүгүн эскертишти.

Эскерте кетсек, жаңы биометриялык паспорттор Кыргызстанда 1-майдан бериле баштады. МКК билдирүүсүндө, жаңы үлгү эл аралык талапка жооп берет.

Эң көп окулган жаңылыктар