Кыргыз режиссерунун тасмасы эл аралык фестивалда мыкты деп табылды

09:35, 31 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Аманбек Ажыматттын «Физрук, алтын, дарыя» аттуу тасмасы Кишинев шаарында 25-31-майда өткөн документалдуу кинолордун «Хронограф» эл аралык фестивалында мыкты деп табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографисттер союзу кабарлады.

Алардын айтымында, тасма «Эң мыкты кыскаметраждуу документалдуу фильм» наамын алган.

Тасмада дене-тарбия сабагынын мугалими банкка насыяны төлөө үчүн жумуштан кийин Нарын дарыясына барып, алтын издеп, жан бакканы баяндалат.