Россияда Азиз Батукаевдин эжеси 17 жылга эркинен ажыратылды

09:32, 31 мая 2017, Бишкек - 24.kg

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин эжеси Яханы жана анын шериги Кабылжан Абдурахмановду Россиянын Челябинск облусунун соту 17 жылга эркинен ажыратты. Алар Южноуральск шаарында героин менен кармалышкан. Бул тууралуу ТАСС маалымдайт.

Маалыматта экөө тең Кыргызстандын жараны экендиги айтылат. Яха Батукаева менен Кабылжан Абдурахмановго 500 миң рублдан айып да салынды.