10:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалпы республикалык тесттин жоопторун диске жазып, банктык уячага салышат

Жалпы республикалык тесттин жоопторун диске жазып, банктык уячага салышат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Билим берүү жана окутуу ыкмаларын сыноо борборунан билдиришти.

Алардын айтымында, абитуриенттердин жооптору дискке жазылгандан кийин гана, тапшырмалардын так чечимдери пайда болот.

Эскерте кетсек, быйыл 47,5 миң абитуриент тест тапшырды. Бир нече бүтүрүүчү телефон жана башка тыюу салынган буюмдары менен кармалып, четтетилди.

2012-жылдан бери ЖОЖго өтүү үчүн сөзсүз ЖРТны тапшыруу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар