Мурдакы билим берүү министри КУУнун ректору болуп дайындалды

08:24, 31 мая 2017, Бишкек - 24.kg

Мурдакы билим берүү министри Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине ректор болуп дайындалды. Бул боюнча буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол коюп, Канат Садыков кечээ университеттин окутуучу-профессордук курамына тааныштырылды.

Университеттин жаңы ректору ага чоң жүк артылып, оор »мурас» калганын билдирди. Канат Садыков коллективдин колдоосу менен гана, университеттин мурдакы аброюн кайтарып ала аларын маалымдады.