04:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президенттик шайлоонун күнү эртең белгилүү болот

Жогорку Кеңеш эртең президенттик шайлоонун күнүн белгилейт. Бул тууралуу

«24.kg» агентигине КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов билдирди.

Анын айтымында, бул маселе күн тартибине киргизилген.

Белгилей кетсек, «Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары» жөнүндөгү мыйзам долбоорго өзгөртүү экинчи окууда кабыл алынган. Анда байкоочулар, күрөө жана добуш берүү күнү боюнча жаңы сунуштар киргизилген. Президенттик шайлоо күнү катары 2017-жылдын 19-ноябры эсептелсе, кийин аны 15-октябрга жылдыруу сунушталган.

Эгер, эртең парламент шайлоо күнү катары 15-октябрды белгилесе, анда Боршайком 15-июндан тарта талапкерлерди каттоого алып баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума