Бишкекте ага-ини үй талашып мушташып, бирөөсү набыт болду

15:42, 30 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Бишкекте ага-ини үй талашып мушташып, бирөөсү набыт болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 28-майда 53 жаштагы киши катуу сабалып, оорууканага жеткирилгендиги боюнча маалымат түшкөн. Ал, тууганы менен мушташып кеткендигин айтып, арыз жазып, эртеси эле күнү көз жумган.

Милиция мурда соттолгон, 1977-жылы туулган, С.К. аттуу шектүүнү кармаган.

ИИМ учурда иликтөө иштерип жүрүп жатканын билдирет. Маалым болгондой, ага-инилер айылдагы ата-энесинин үйүн талашып мушташкан.