01:46
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Католик чиркөөсүндө азан айткан киши муфтий болуп чыкты

Католик чиркөөсүндө азан айткан киши муфтий болуп чыкты. Бул маалыматты «24.kg» агентигине Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан такташты.

Алардын айтымында, муфтий Максат ажы Токтомушев апрелдин башында АКШнын мамлекеттик департаментинин чакыруусу менен «Диний мекемелер ортосунда тажрыйба алмашуу жана диалог» — аттуу иш чарага катышып келген.

«Иш чарада ар бир диндин өкүлү өзүнүн дининен кандайдыр бир жөрөлгө көрсөтүптүр. Муфтий мусулмандардын башкы парзы болгон намазга чакырык — азанды айткан» — деп билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар