19:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстандын ID-картасын КМШнын эки өлкөсү тааныды

Кыргызстандын ID-картасын КМШнын эки өлкөсү тааныды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

Россия жана Казакстан Кыргызстандын паспортунун 2017-жылы чыгарылган үлгүсүндөгү ID-картасы өздөрүнүн аймагына кирип чыгууга ылайыктуу документ катары кабыл алышты.

ТИМдин билдирүүсүндө, бул эки өлкө Белоруссия, Казакстан, Россия, Тажикстан 2000-жылы 30-ноябрда кол койгон келишимдин жана тышкы иштер министрликтеринин макулдашуусунун негизинде кыргыз паспортунун жаңы үлгүсүн кабыл алгандыгын маалымдашты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума