16:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Транспорт министрлиги үч жаңы учак сатып алат

«Манас» эл аралык аэропортуна үч жаңы учак сатып алуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов.

Анын айтымында, учурда тендер жарыяланды. Жаңы учактар 90 орундан ашпайт жана алар Бишкек-Исфана, Бишкек-Ош, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Ысык-Көл каттамы боюнча учат.

Министр 10 күндөн кийин Ош-Тамчы, Жалал-Абад-Тамчы аба каттамы ишке кирерин айтып өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар