13:10, 30 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
Карганбек Самаковдун ишин караган соттун саламаттыгына байланыштуу отурум бешинчи жолу жылдырылды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине каралып жаткан кылмыш ишине байланышы бар парламенттин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Игорь Чудинов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотундагы ишти кароо бүтүп, эки күбөдөн көрсөтмө алуу гана калган.
Бул иш боюнча Игорь Чудиновго дагы айып тагылууда.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Карганбек Самаковго каршы 14-майдын 2015-жылы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовкадагы жерди мыйзамсыз трансформациялагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура 19 жыл эркинен ажыратууну талап кылууда.