Игорь Чудинов ага эмне себептен иш козголуп жатканын түшүнбөйт

12:35, 30 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Игорь Чудинов ага эмне себептен иш козголуп жатканын түшүнбөйт. Бул тууралуу ал «24.kg» агентигине билдирди.

«Мени эч ким, эч жакка чакырган жок. Бул маалыматты менен ЖМКдан уктум. Андыктан себебин билбегендиктен, комментарий да бере албайм» — деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн Башкы прокуратура Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго иш козгогондугу маалым болду. Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынын эки депутаты 2009–2015-жылдары «Машинасыноочустанция» АККсынын 200 миллион өлчөмүндөгү бюджеттик ссудасын максатсыз колдонгондугуна айыпталууда. Ишти тергөө УКМКга өткөрүлүп берилди.