Таластын 18 жашар тургуну көлмөгө чөгүп набыт болду

09:51, 30 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл МАСАЛИЕВА

Таластын 18 жашар тургуну көлмөгө чөгүп набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылындагы көлмөгө 1999-жылы туулган Б. Уулу Э кечээ түшкө жуук чөгүп кеткен. Куткаруучулар кечке жакын сөөгүн таап чыгышкан.

ӨКМдин билдирүүсүндө, бүгүн куткаруучулар 29-майда түнкү 22.00 чамаларында Таластын Миң-Булак айылындагы Талас суусуна агып кеткен 10 жашар кызды издөөнү улантат.