02:59
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Туристтик сезонго карата Ысык-Көлгө баруучу поезддердин убактысы өзгөрдү

Туристтик сезонго карата Ысык-Көлгө баруучу поезддердин убактысы өзгөрдү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» маалымдайт.

«Бишкек — Балыкчы» жана «Балыкчы — Бишкек» 16-июндан тарта 30-июлга чейин жума, ишемби жана жекшемби күндөрү, 31-июлдан 31-августка чейин күн сайын жүрүп турат.

№ 608 «Бишкек I — Балыкчы»: «Бишкек I» (Пишпек) саат 6.25те чыгып, саат 11.20да Балыкчыга барат.

Поезд № 609 «Балыкчы— Бишкек I»: саат 17.08 чыгып, 21.58 жетет.

Билет наркы: Чоңдорго — 69 сом, балдарга (5 -10 жаш) — 34 сом.

Эң көп окулган жаңылыктар