Кыргызстанда 60 жеке менчик балдар үйү бар

17:49, 29 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Кыргызстанда 60 жеке менчик балдар үйү бар. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында маалымдалды.

Анда айтылгандай, өкмөт өлкөдөгү интернаттардын базасын түздү. Балдар үйлөрү көбүнчө Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарында жайгашкан.

Жалпысынан өлкөдө 63 мамлекеттик, 60 менчик жана 12 диний жаатындагы мекеме бар.

Балдар интернатында жалпысынан 8 миң 800 бала жашайт. Алардын алты пайызы жетим, калгандарынын ата-энелери бар.