Депутаттар тамекинин баасын көтөрүүнү сунуштоодо

14:55, 29 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Жогорку Кеңештин профилдик комитети өкмөткө тамекини дааналап сатууда анын эң төмөнкү баасын жогорулатууну сунушташты. Бул тууралуу чечим бүгүн кабыл алынды.

Депутат Альфия Самигуллинанын айтымында, азыр эң төмөнкү баа 40 сом. Бюджетке кирешени көбөйтүү үчүн аны наркка салыктын эсебинен 50 сомго чейин көтөрүү сунушталууда.

Комитет мүчөлөрү сунушту колдошту.