Бажы кызматы ири өлчөмдөгү баңги затты кармады

14:45, 29 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА

Бажы кызматы ири өлчөмдөгү баңги затты кармады. Бул тууралуу бажы кызматы маалымдайт.

Маалыматта, ири өлчөмдөгү психикалык активдүүлүктү күчөтө турган баңги затты мыйзамдуу дары-дармек катары алып өтүүгө аракеттенишкендиги айтылат.

Текшерүү учурунда, Кытайдан келе жаткан «Ман» автотранспорттунан 1 миң 200 таблетка «псевдоэфедрин» жана «морфин» алынган.

Алынган каражаттар Башкы прокутаруга өткөрүп берилип, Кылмыш кодексинин 204 беренеси менен иш козголду.