01:22
+27
USD 68.71
EUR 80.62
RUB 1.16
Кыргызча

Адил Турдукулов КТРКнын алдында митинг өткөрүү оюунан кайта элек

Адил Турдукулов Бишкек шаардык сотунан КТРКнын алдында митинг өткөрүүгө уруксат берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу ал «24.kg» МАсына билдирди.

Буга чейин Ленин райондун соту КТРКнын алдында митинг өткөрүүгө уруксат бербеген райондук администрациянын чечимин колго алып, 20-марттан 8-апрелге чейин акция уюштурууга тыюу салган.

«Соттун чечиминде коюлган мөөнөттөр бүттү. Андыктан биз азыр кайра арыз менен кайрылдык. Жыйналыш өткөрүү укугу бизде Конституцияда бекитилген», — деп белгилей кетти Адил Турдукулов.

Эскерте кетсек, Сөз эркиндигин коргоо комитети, 28-марта, КТРК алдында саясый оппоненттерди бир жактуу каралоого каршы митинг өткөрмөкчү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар