Ысык-Көлдүн жээгинен 3800 тонна таштанды жыйналды

13:39, 29 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Азамат АЙТБАЕВ

Ысык-Көлдүн жээгинен 3800 тонна таштанды жыйналды. Бул тууралуу «24.kg» МАсына уюштуруучулардын бири Дмитрий Андреев маалымдады.

Анын айтымында, «Таза Ысык-Көл» акциясына 1500 ыктыякчы катышты. Анын 650гө жакыны Бишкектен барышкан.

«Дагы жакшы биз азыраак аймакты тазалап калдык. Биздин акциябыз жөнүндө угары менен облустун жетекчилиги айрым райондорду тазалаптыр», — деди Дмитрий Андреев.

Акциянын максаты — туристтик сезон алдында көлдүн экологиясын кароого жана аяр мамилеге муктаж экендигин эскертүү.

Эскерте кетсек, майдын башында эле дагы бир ушундай акция өтүп, алар 5 тонна таштанды топтошкон.