15:05
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзүн-өзү барымтага алып, эжесинен акча талап кылган кыргызстандык кыз кармалды

Өзүн-өзү барымтага алып, эжесинен акча талап кылган кыргызстандык кыз кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүндөгү өкүлү Аскар Алиев Facebook баракчасында маалымдады.

Анын айтымында, Айбара аттуу кыргызстандык кыз төрт досу менен бирге өзүн-өзү барымтага алып, Россиянын Чита шаарында иштеген 22 жаштагы эжесинен миллион рубль талап кылган.

20 жаштагы Айбаранын уурдалгандыгы тууралуу маалымат 26-майда келип түшкөн. Эжесинен белгисиз жарандар акчаны банктык карточкасына которууну талап кылышкан. Жыйынтыгында баардыгын Айбара өзү уюштургандыгы аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар