Новосибирск шаарына Кыргызстандан барган азык-түлүктөрдү киргизбей коюшту

11:31, 29 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Новосибирск шаарына Кыргызстандан барган азык-түлүктөрдү киргизбей коюшту. Бул тууралуу Россиянын Айыл-чарбаны көзөмөлдөө аймактык башкармалыгы билдирет.

Маалыматта, Новосибирск жана Краснояркс шаарларына сатуу үчүн Кыргызстандан 151,13 тонна пиязды, 19,6 тонна сабизди, 16,8 тонна сарымсакты, 0,15 тонна кайналыны мыйзамсыз алып кирүүгө аракет жасалгандыгы айтылат.

Текшерүү учурунда, таңгакта маркировка жана башка маалыматтар толук камтылбаганы аныкталган.