10:20, 29 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
Жалал-Абад шаардык кеңешке шайлоодо «Өнүгүү Прогресс» алдыга озуп чыкты.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, «Өнүгүү Прогресс» — 6 миң 294 добуш, КСДП — 5 миң 612 добуш, «Ата-Журт Мекенчил» — 3 миң 267, «Кыргызстан» — 2 миң 467, «Республика» — 2 миң 257 добуш алышкан.
КСДП Ноокат жана Көк-Жаңгакта алдынкы орунга чыккан. Таш-Көмүрдө эң көп добуш «Өнүгүү Прогресс» партиясына берилген.
Эскерте кетсек, кечээ 8 шаар жана 31 аймакта жергиликтүү кеңешке шайлоо өттү. Расмий жыйынтык добуш берүү күнү өткөндөн кийин эки жумага чейин жарыяланат.