Европа комиссиясы Чоң Алайдагы зилзаладан жапа чеккендерге 165 евро бөлөт

11:20, 26 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ

Европа комиссиясы Чоң Алайдагы зилзаладан жапа чеккендерге 165 евро бөлөт. Бул боюнча Европа комиссиясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Алардын айтымында, акча Улуттук кызыл ай коомуна которулат. Гуманитардлык жардамды жеткирүү жана бөлүп берүү милдети дагы аталган уюмга жуктөлөт.

Эскерте кетсек, 3-майда болгон зилзала Чоң-Алай районунун Карамык, Жекенди, Кара-тейит, Чулук жана Шибе айылдарындагы 500дөй үйдү бузган.