Жалал-Абад шаардык кеңешке ат салышып жаткан беш партияга эскертүү берилди

15:57, 25 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Жалал-Абад шаардык кеңешке ат салышып жаткан беш партияга эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында,«Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бүтүн Кыргызстан», «Республика» жана «Ата-Журт» партиялары үгүт компанияларына короткон акчалары боюнча маалыматты убагында тапшырышкан эмес.

Белгилей кетсек, добуш берүү 28-майда болот. Жалал-Абад, Кара-Балта, Айдаркен, Кемин Жана Таш-көмүрдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.