Фракциядан чыккан депутаттар мандатынан айрылбайт

15:24, 25 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында депутаттар фракциядан чыккан депутаттарды мандатынан айрылтуу сунушун экинчи жолу карап, четке кагышты.

Парламенттин ички жоболоруна киргизилип жаткан өзгөртүүдө, фракциядан чыгууга арыз берген депутат мандатынан айрылары каралган.

Көпчүлүк талаш-тартыштан кийин депутаттар сунушту четке кагышты.

Эскерте кетсек, КСДП фракциясы Жанар Акаевди катарынан чыгарган. Бирок, ал депутаттык мандатын сактап кала берет.