Ошто жаңы троллейбустар пайдаланууга берилди

15:23, 24 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Жазгүл Масалиева

Ошто жаңы троллейбустар пайдаланууга берилди. Бул боюнча Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта, 23 троллейбус «Коомдук автотранспорттун ишин жакшыртуу» долбоорунун алкагында Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын каржылоосунда, 3,098 миллион еврого сатып алынгандыгы айтылат.

Троллейбустар 127 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган.