14:58, 24 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД
«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга өлкөнүн бюджетинде акча жок. Бул боюнча бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
«Бюджетте акча жок. Бирок, зарыл болсо карап көрө алабыз. Азыр пилоттук долбоор катары — «Кыргызтелеком» аркылуу ишке ашырууну сунуштап жатабыз» — деди ал.
Аталган долбоордун алкагындагы тендердин жыйынтыгы боюнча соттук териштирүү али жыйынтыктала элек.