14:48, 24 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Наргиза Токоева
Көлдүн жээгин таштандынан тазалоо акциясы өтөт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун негиздөөчүсү Дмитрий Андреев маалымдады.
Анын маалыматында, акция 27–28 — майда 20 айыл жана Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларын камтыйт. Көл жээгин тазалоого Бишкектен 500дөй ыктыярчы барат.
«Биз таштандыларды бөлүп, иргеп тазалайбыз. Кайра иштетүүгө жарай турган калдыктарды Бишкеке алып келебиз. Таштандыларды алып чыгууга жергиликтүү кызматтар жардам берет» — деп билдирди Дмитрий Андреев.