Исфанада мектеп-интернатынын курулушу башталды

14:38, 24 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Азим Касымбеков

Лейлек районунун Исфана шаарында мектеп-интернатынын курулушу башталды. Бул тууралуу Баткен облусу боюнча өкүлчүлүктүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматта, мектеп интернет жетим балдарды туруктуу имарат гана эмес, заманбап мектеп менен дагы камсыз кылаары айтылат.

315 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна жергиликтүү бийлик 2 гектар жер бөлүп берген. Ал эми жатакана 315 орундуу болот.