Чыныбай Турсунбеков: Туркия менен кызматташтыкты күчөтүү зарыл

13:35, 24 мая 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков Туркия менен кызматташтыкты күчөтүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушуу учурунда билдирди.

Фото
Жолугушуу учурунда Чыныбай Турсунбеков, эки тараптуу кызматташууну талкуулашып, парламенттик байланыштуу күчөтүү зарылдыгына токтолушту.

Чыныбай Турсунбеков Туркия элин 16-апрелде өлкөнүн баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Түрк тилдүү элдердин парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйынын Жогорку Кеңеш өткөрүүгө даярдыгын маалымдап өттү.