Каржы министрлиги жарым миллион сомго сувенир сатып алат

12:50, 24 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Каржы министрлиги жарым миллион сомго сувенир сатып алат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуу порталында жарыяланган.

Мекеме булгаарыдан жасалган 6 шахматтык комплект, улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн 15 кийиз панно, алтын түстөгү белекке берилүүчү таанытма салганга ылайыктуу 25 коло куту, 16 гигабайттык 20 флеш-карт жана булгаарындан 15 сүрөт сатып алууга тендер жарыялады.