14:05, 23 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА
Иркуст шаарында 22 жаштагы кыргызстандык Рахмат кызы Айзирек изделүүдө. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары жазып чыгышты.
Ракмат кызы Айзирек 19-майда эртең менен үйдөн чыгып кеткен бойдон, дайынсыз жоголгон.
Иркутс шаарынын полициясы кыздын сырткы келбети жана кийими тууралуу маалымат таркатты. Анда, бою 155-, чачы кара, көзү күрөң экендиги жана көк түстөгү жоолук салынып, жашыл куртка кийингендиги айтылат.