Жайкы эс алуу кезинде Бишкек мектептеринде балдар лагери уюштурулат

14:04, 23 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Жайкы эс алууда Бишкектин 33 мектептебинде 3 миң 430 окуучуга ылайыкталган лагерлер уюштурулат. Бул тууралуу «24.kg» МАсына Санитардык жана эпидомологиялык мамлекеттик борборунан билдиришти.

Лагерлер 5–30 июнда, саат 8–14.00 чейин иштешет. Мекеменин маалыматында, эки жолу тамак берилет. Ар бир балага бюджеттен 44 сом бөлүнөт.