Баткенде жети мектеп окуучусуунун уулануусу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат

13:58, 20 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Жети мектеп окуучусуунун уулануусу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Орозмамат Темиров маалымдады.

Орозмамат Темировдун айтымында, кыздардын ахыбалы туруктуу. Алардын газ түрүндөгү заттан уулангандыгы аныкталды.

Эскерте кетсем, 18-майда жетинчи класстын окуучусу класста белгисиз затты күйгүзгөн. Анын кесепетинен жети кыз оорууканага жеткирилген.