Окуучулар ар бир китепти 25 сомго ижарага алат

13:54, 20 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч класстардын окуу куралдарын ижарага берүү боюнча имыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоорго Ош шаарындагы, Талас, Ысык-Көл облустарындагы, Кочкор, Ноокен, Жайыл жана Кадамжай райондорундагы 397 мектеп кирген. Бул мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына 2017–2018 окуу жылында ар бир китепти 25 сомдон ижарага алуу сунушталат.

Ижарадан түшкөн каражат жаңы окуу куралдарын алууга жумшалат.