18:40
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жашоо үчүн өтө керектүү болгон дары-дармектердин тизмеси жаңыланды

Саламаттыкты сактоо министрлиги өтө керектүү дары-дармектердин жаңыланган тизмесин коомдук талкууга койду.

Министрликтин билдирүүсүндө, тизме акыркы жолу 2012 — жылы жаңыланган. Бул арада жаңы сапаттуу дарылар пайда болуп, клиникалык дарылоонун жаңы жобосу жана протоколу иштелип чыкты.

Тизмеде жүрөк кан тамыр, өпкө, онкологиялык, инфекциялык жана башка илдеттер каршы жалпысынан 402 дары бар. Андан сырткары, эмдөөчү дарылардын, иммуноглобиндин жана медициналык каражаттардын тизмечи өзүнчө белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар