Жалал-Абад шаардык кеңешке ат салышкан партиялар үгүт эрежелерин бузууда

13:30, 18 мая 2017, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад шаардык кеңешке ат салышкан «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Ата-Журт» партиясы үгүт эрежелерин бузууда. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясына шилтеп Боршайкомдон билдиришти.

БШКнын билдирүүсүндө, үч партияга тең эскертүү берилип, үч күн ичинде жеке үйлөр жана зым карагайлардан үгүт плакаттарын алып салынуу сунушталды.

28-майда Жалал-Абад шаардык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ага «Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», КСДП, «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Республика» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары кытышууда. 31 мандат үчүн мурда шайланган беш партиянын депутаттары мэр шайлоодо бир пикирге келе албай, ушул жылдын март айында өзүн өзү тараткан.