12:05, 18 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА
Гранттык окуу тизмесине аткаминерлердин балдары кирген. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүнкү жалпы жыйында билдирди.
Анын айтымында, чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатат. Венгрияга окууга тапшырган балдардын документтери жиберилбей, тизмеге чиновник, депутаттардын уул-кыздары кирип калган.
«Мага бир нече ата-эне кайрылды. Венгрияга гранттык окууга сынак тапшырган жүздөгөн балдардын документтери белгисиз себептерден улам жиберилген эмес. Ал аз келгенсип резервдеги 25 баланын да документи жөнөтүлгөн эмес. Жакында Билим берүү жана илим министрлиги кандай негизде сынак өткөргөнү белгисиз. Башка 25 студенттин тизмесин Венгрияга жиберген. Алардын арасына өкмөт жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн балдар-кыздары кирип калган. Мендеги маалымат боюнча Венгрияга окууга Билим берүү министрлигинин статс-катчысынын кызы, ушул эле мекеменин бөлүм башчысынын кызы, парламент депутатынын кызы, керек болсо айрым айыл өкмөт башчыларынын балдарына чейин кирип калганы табышмактуу» — дейт ал.
Депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып, маселе боюнча түшүндүрмө сурады.