15:33
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда ВИЧ/СПИД менен күрөшүүгө акча жетишпейт

Кыргызстанда ВИЧ/СПИД менен күрөшүүгө акча жетишпейт. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине бул дарт менен күрөшүү Республикалык борборунун директору Улан Кадырбеков билдирди.

Анын маалыматында, 2003 — жылдан бери Глобалдуу фонд Кыргызстанга ВИЧ/СПИД менен күрөшүүгө 125 миллион доллар бөлгөн. Бул каражат программанын алкагындагы иш чараларга жана дары-дармек сатып алууга жумшалат.

Улан Кадырбековдун айтымында, учурда 2018–2020-жылга карата каржылоо кыскартылууда. Быйыл программанын бюджети 11 миллион долларды түзүп, пландалган иш чараларды ишке ашырууга 1,8 миллион доллар жетишпейт.

«2017–2021-жылга карата ВИЧ/СПИД менен күрөшүүгө багытталган мамлекеттик программа иштелип чыккан. Ал азыр Каржы министрлигинин кароосунда. Эгер ал ишке аша турган болсо, анда бул илдетке каршы күрөштү мамлекет колго алып, Глобалдуу фонд каржылоону азайтып баштайт» — дейт борбордун жетекчиси.

Эң көп окулган жаңылыктар