08:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Фостердик үй-бүлөлөр 6 миң сом маяна алышат

Фостердик үй-бүлөлөр айына 6 миң сом маяна жана камкордукка алган ар бир балага дагы жогоркудай өлчөмдөгүчө акча алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева маалымдады.

Анын айтымында, фостердик үй-бүлө институту өнүгүп жатат.

Кыргызстанда 2012-жылы бул түшүнүк мыйзам менен бекитилген. Балдарды кароого алган үй-бүлөлөр үчүн жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт. Министрликтин маалыматында, учурда 17 бала 9 үй-бүлөдө тарбияланууда. Бир баланы фостердик үй-бүлө биротоло асырап алган.

Эң көп окулган жаңылыктар