13:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн 90 пайызы орто билимдүү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн 90 пайызы орто билимдүү.

Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Гүлмира Ахматова билдирди.

Анын айтымында, балдар көбүнчө эң жакын адамдары тарабынан запкы жейт.

«Эми мындай көрүнүш баардык эле өлкөлөрдө бар. Ал экономикалык, социалдык ахыбалга байланыштуу да эмес. Кыргызстанда бул проблеманы басып, оозго албоого аракет кылып келишкен» — деди Гүлмира Ахматова.

Ал балдарга болгон зомбулук миграцияга жана үй-бүлө институндагы өзгөрүүлөргө дагы байланыштуу экендигин кошумчалай кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар