Үч жыл ичинде 66 бала чет элдиктерге асыроого берилген

11:21, 17 мая 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

2014–2016 жыл аралыгында кыргызстандыктар 3 миң 72, чет элдик жарандар 66 баланы асырап алышкан. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева маалымдады.

Анын айтымында, мамлекеттик мекемелер тарабынан балдарды өздөрүнүн биологиялык үй-бүлөлөрүндө жашатууга баардык аракеттер көрүлүп жатат.

«Эгер үй-бүлөнү сактап калуу мүмкүнчүлүгү болбосо, анда бала камкорчуга, же асыроого берилет» — дейт ал.

Жаңыл Жумабаева биринчи кезекте жергиликтүү үй-бүлөлөргө асыроого уруксат берилерин билдирди.

Белгилүү болгондой, учурда Кыргызстанда бала асыроо менен алектенген 12 чет элдик уюм катталган. Анын жетөө АКШдан, калгандары Швеция, Голландия, Финляндия жана Германия мамлекеттеринде иштеген ишканалар.