Кыргызстандын футболчулары Ливан менен жолдоштук беттеш өткөрөт
Кыргызстандын футболчулары Мальдив аралдары жана Ливан менен жолдоштук беттештерди өткөрүшөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирет.
Кыргызстандын улуттук курама командасы жаңы башкы машыктыруучу Урмат Абдукаимовдун жетекчилиги астында сентябрь жана октябрь айларындагы ФИФАнын эл аралык күндөрүндө эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

Биздин спортчулар машыгуу жыйынын 21-сентябрда Бишкектеги «Мурас Юнайтед» базасында башташат.
«Жолдоштук беттештер улуттук кураманын 2027-жылдагы Азия кубогунун финалдык этабына даярдануусунун маанилүү баскычы болуп калат», -деп белгиленет маалыматта.
28-сентябрда Кыргызстан жана Мальдив аралдарынын командалары кездешет. Оюн Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. 4-октябрда Кыргызстан курамасы дал ушул жерде Ливан менен оюн өткөрөт.