USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Селден 1,3 миңдей адам каза болду. Непалда бүгүн аза күтүү күнү өтүүдө

15:13, 07 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Непалда 26-августта Расува районундагы Бхоте-Коши дарыясында орун алган селден 1,3 миңден ашык курмандыгын эскерүү үчүн аза күтүү күнү өтүүдө.

Мамлекеттик желектер өкмөттүк мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн имараттарында түшүрүлдү. Ишенгендер сыйынуучу жайларга барып, жакындарынын амандыгы үчүн дуба кылышууда.

Непалда бүгүн аза күтүү күнү өтүүдө

Табигый кырсык 32 миң үй-бүлөнү башпаанексиз калтырып, 7 миң 500гө жакын үйдү талкалады жана Непалдын борбордук бөлүгүндөгү өмүр үчүн маанилүү инфраструктуранын ишин олуттуу түрдө бузду. 5 миңге чукул адам, анын ичинде 589 чет өлкөлүк дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат.

Непалдагы селден келтирилген чыгым 2,56 миллиард долларга бааланууда.

 Эскерте кетсек, 26-август күнү эртең менен Непалда муз жана таш көчкүсүнүн түшүүсүнөн кийин Бхоте-Коши дарыясында суунун деңгээли кескин жогорулап, сел каптаган. Табигый кырсык бир нече калктуу конуштарды, жолдорду жана гидроэнергетикалык объекттерди талкалаган. Ошондой эле ылай-таш агымы Кытайдын Тибет автоном районунун Гьирунг уездиндеги чек ара пунктун агызып кеткен.

Буга чейин Кыргызстандын ТИМи кытай тараптын алдын ала маалыматтары боюнча Тибетте жана Непалда каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин кабарлаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика