USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Чолпон-Ата шаарында «Чолпон» кинотеатры оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

14:30, 07 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Ата шаарында «Чолпон» кинотеатры оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Ал 1982-жылы курулуп, ошондон бери имарат бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Чолпон-Ата шаарында «Чолпон» кинотеатры оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Буга чейин Өнүктүрүү боюнча орус-кыргыз фонду өлкө аймактарындагы кинотеатрларды калыбына келтирүү үчүн 1,5 миллион доллар бөлүп берген.

Чолпон-Атада 2022-жылы авариялык абалда деп табылган кинотеатр эми кайра калыбына келтирилди. Мында көрүүчүлөр үчүн орундардын саны 200дөн 310го чейин көбөйтүлүп, тасма көрүү үчүн беш зал жабдылып, фильмдерди 4K форматында көрсөтүүчү техника орнотулду.

Жылуулук системасы толугу менен алмаштырылган «Чолпон» кинотеатры эми жыл бою иштейт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика