Эл аралык туристтик поезд Бишкекке Европадан 70тен ашык конокту алып келди
Бишкекке Германиянын «Lernidee Erlebnisreisen GmbH» компаниясынын эл аралык туристтик поезди келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген 70тен ашык турист Кыргызстан, анын эли, жаратылышы, каада-салттары жана улуттук ашканасы менен таанышууда.
Келген туристтер үчүн элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду. Конокторго шырдактар, кийизден жасалган буюмдар, улуттук тиричилик буюмдары жана салттуу маданияттын башка үлгүлөрү көрсөтүлдү. Соңунда Бишкек шаары боюнча экскурсия өттү, — деп белгилешти компаниядан.