Канат Сагынбаев казматтан кетти. Эмгек министрлигин Алмаз Имангазиев жетектейт
Канат Сагынбаев Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Ведомство жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Алмаз Имангазиев дайындалды. Анын талапкерлиги кийин министрлик кызматка дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

Буга чейин Алмаз Имангазиев Тышкы иштер министринин орун басары кызматын ээлеп келген. Бул кызматка ал 2022-жылдын ноябрында дайындалган. Мурда ТИМдин Консулдук кызмат департаментин жетектеген.
Алмаз Имангазиев — кесипкөй дипломат. Ар кайсы жылдары ал консулдук иштер, КР жарандарынын чет өлкөлөрдөгү укуктарын коргоо, миграция жана мекендештер менен өз ара аракеттенүү маселелери менен алектенген.
Ошондой эле саясий илимдердин кандидаты.
Канат Сагынбаев Эмгек министрлигин 2025-жылдын сентябрынан бери жетектеп келген.