«Газпром» Борбордук Азияга газ экспортун 70 пайызга жогорулатты
2026-жылдын башынан бери «Газпром» Борбордук Азияга газ экспортун 70 пайызга көбөйттү. Бул тууралуу компаниянын башчысы Алексей Миллер Орусиянын Мунайчылар күнүнө карата өткөрүлгөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанга жеткирүүлөрдүн жалпы өсүшү 70 пайыздык чекке жакындады.
Кыргызстан жыл сайын жарым миллиард кубга жакын газ керектейт. Келечектеги энергетикалык объекттерди — ТЭЦ-2 жана «Бишкексельмашты» отун менен камсыз кылуу үчүн тараптар узак мөөнөттүү келишимдер түзүштү. Келишимдер 2040-жылга чейин эсептелген, — деп айтты Алексей Миллер.
2025-жылы «Газпром» Өзбекстанга 6,48 миллиард кубометр көгүлтүр отун жеткирген. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 15 пайызга көп.
Жеткирүүлөр реверстүү режимде иштеген Борбордук Азия — Борбор магистралы аркылуу ишке ашырылууда.