Көчмөндөр оюндары −2026: Волонтерлук кызматка 9 миңден ашык талапкер арыз берген
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларына көмөктөшүү үчүн волонтерлук кызматка 9 миңден ашык талапкер арыз жазган. Бул тууралуу журналисттерге маданий программанын башкы режиссёру Алтынбек Максутов билдирди.
Анын айтымында, бул сандан 700 адам тандалып алынган. Ал эми волонтерлордун 658и кыргызстандыктар, 42си чет өлкөлүктөр болду.
Ыктыярдуу жардамчылардын 90 пайызга жакыны англис тилин билишет. Алтынбек Максутов волонтерлордун арасында ондон ашык чет тилди билгендер да болгонун кошумчалады.
Ишке тартылган бардык ыктыярчылар Көчмөндөр оюндарынын негизги аянтчаларында иштеп, конокторду жана делегацияларды коштоп, навигация, маалыматтык жана башка суроолор боюнча көмөктөшүштү.
Башкы режиссёр ошондой эле чакырылган чет элдик жылдыздардын жөнөкөйлүгүн жана ак көңүлдүүлүгүн белгилеп өттү.
«Өздөрүнүн даражасына карабастан, алар адамгерчиликти сактап калышты», — деди ал.
Эске сал ак, Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өттү. Кийинки Оюндар 2028-жылы Казанда (Татарстан, Орусия) өтөт.